super.kg logo

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти: "Чүйдөгү бөлүмдүн унаалары 21 жылдан бери алмаша элек"

 

Бишкек шаарында бүгүн, 25-декабрда Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жыл жыйынтыгын чыгарууда. Иш-чара мамлекеттик гимнди угузуу менен башталды.

Анда департаменттин жетекчиси Алмаз Мусаев, аймактардагы коюлган иштердин планы канча пайызга аткарылгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди. Ага ылайык, быйыл Чүй облусунда коюлган пландар 110 пайызга, Ош облусу боюнча 61 пайызга, ал эми Талас облусунда пландалган иштер 58 пайызга аткарылган. Иш-чаранын алкагында аталган департаменттин Чүй облустук бөлүмүнө 1993-жылы берилген унаалардын эскилиги жетип, ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылып келе жатканы айтылды. Ошондой эле облус аймактарынан келген өкүлдөр өз аймактарында бир катар көйгөйлөрү бар экенин айтышты.  

Иш-чарага Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана облус аймактарынан келген департаменттин 90дон ашуун өкүлдөрү катышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: