super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев мектеп окуучуларын көп тил үйрөнүүгө чакырды

 

Бүгүн, 26-декабрда президенттик балаты майрамында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жаштарды көп тил билүүгө чакырды. "Бүгүнкү майрамда өзүмдүн бала кезимди эстедим. Менин окуучулук кезимде айылда свет, телефон жок болчу. Силер акылдуу, татынакай балдар экениңерди көрүп, абдан сыймыктанып жатам",- деп билдирди президент.

Бүгүнкү кечеде кыргыз тилинде тартууланган жомокту айрымдар түшүнбөй отургандыгын байкаган А.Атамбаев анын кыскача мазмунун айтып берди. Андан соң көп тил билүү келечекке керек экенин баса белгиледи. "Чет тилин үйрөнөм деп ата-энеңерден талап кылгыла, 2-3төн кем эмес тилди билишиңер керек",- деди өлкө башчы.

Мындан тышкары иш-чарага келген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга кайрылып: "АКШнын мурунку президенти Т.Рузвельт жаш кезинде баса албаган бала болчу. Андан тышкары ийгиликтерге жеткендердин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окумуштуулар бар",- деп кошумчалады өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: