super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте абоненттерди электр жабдуулары менен камсыздоого тийиштүү көйгөйлөр талкууланууда

 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте абоненттерди электр жабдуулары менен камсыздоо маселесине тиешелүү мыйзамдын долбоору талкууланууда. Жыйын Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору жарандарды электр жабдуулары менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү электр жабдуулары менен камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган. 

Иш-чаранын милдеттери – президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 21-январындагы жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын энергетика тууралуу бөлүмүнүн “Электр энергиясын, анын ичинен ички керектөөчүлөргө берүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу” милдетин ишке ашыруу.

Отурумга комитеттин мүчөлөрү, энергетика министри жана айыл өкмөт башчылары катышып жатат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: