Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчүрүлдү
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 26-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Арзамас, Кайназарова, Дэн Сяопин, Абдраев, Месарош, Садыгалиев көчөлөрүндө электр чубалгылары оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгына чектөө киргизилет.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө, Воронцовка, Кашка-Суу, Малиновка, Төмөнкү Ала-Арча айылдарында, Сокулук айылынын Токтогул, Черёмушка, Ленин, Совет, Жеңиш көчөлөрүндө, Кара-Балта шаарында жарык өчтү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















