super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда үйүнө свет тартылбаган 108 800 үй-бүлө бар

 

Кыргызстанда 108 800 үй-бүлөнүн турак үйү электр энергиясына туташтырылган эмес. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 26-декабрда энергетика тармагына тийиштүү мыйзам долбоору талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн абоненттерди электр менен камсыздоо үчүн бюджеттен 4 миллиард сомдой каражат бөлүнүшү керек.

“Иштелип чыккан электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын 2014-жылдагы чыгымы 4 миллиард 400 миллион сом болду. Аларга эч кандай киреше кирбей эле, каржылык жоготууларга учурап жатышат. Ал эми 108 800 абонентти электр энергиясына кошуу үчүн бюджеттен каражат керек. Каржы жоктугунан компаниялар өз ишин ийгиликтүү жүргүзө албай жатышат. Же электр энергиясынын баасын жогорулатышыбыз зарыл”,- деди Турдубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: