super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте өткөн президенттик балаты майрамынан фоторепортаж

 
Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаев, өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын катышуусунда балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.
Майрамга республиканын ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алар үчүн “Шаттык” бий ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын 300 тарбиялануучусу концерттик программаны даярдашкан.
Иш-чарада "Кырсылдак" (“Щелкунчик”) жомогунун сюжетине ылайык оюн көрсөтүлдү. Президент өз сөзүндө бул чыгармадан жакшы сабак алууга болорун айтты. Мындан тышкары мамлекет башчы жаштарды көп тил билүүгө чакырган.
Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: