Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала изделүүдө

Борбор калаада мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айдар Аскарбеков изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда жоголгон баланын туугандары билдирди.
Маалыматка ылайык, жоголгон бала кечээ, 25-декабрда мектепке кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. “Айдар №56-мектептин аймагынан жоголууда. Ал үстүнө кочкул жашыл түстөгү күрмө, ак түстөгү көйнөк, боз свитер, кара жынсы шым жана башына кара топу кийип жүргөн. Анын өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, башында 2 сантиметрдей тырыгы бар”,- деп билдиришти туугандары.
Жоголгон баланын туугандары бул бала тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну өтүнүшөт: (0552) 70-52-52, (0773) 73-06-58.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кыргызстандагы акыркы жанылыктарды окусан эле "Олтуруп кетти,сойуп кетти,уурдап кетти,уруп кетти,тоноп кетти,жоголуп кетти,зордуктап кетти...качып кетти,изделип атат,табылбайтат,сузуп кетти,кагылышып кетти,чатакташып кетти,мушташып кетти...Тообааа,Кыргызстанда жашагандан деле коркуп калат экенсин,не балээ болуп баратат барган сайын...