"Кыргызгаздын" акцияларын орусиялык "Газпром" компаниясы сатып алганда гана өлкөдөгү газ көйгөйү чечилет" деди Тайырбек Сарпашев
Кыргызстанда жаратылыш газына байланыштуу маселелер “Кыргызгаздын” акцияларын орусиялык “Газпром” компаниясы сатып алганда гана чечилет. Ал эми сатып алуу ушул жылдын апрель айына пландалууда. Бул маалыматты бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
“Апрель айында “Кыргызгаздын” жетекчиси алмашуусу мүмкүн. “Газпром” мекеменин 100% акцияларын сатып алса, өлкөгө газ алып келүү маселелерин алар чечишет. Өз кезегинде Кыргызстан газга болгон баанын төмөн болушун же былтыркы баалардын кармалып турушун талап кылат”, - деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

