super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөр” маселесин мен чече албайм, парламент чечет” деди Атамбаев

 

“Кумтөр” маселесин мен чече албайм, парламент чечет. Анткени биз ушул жолду тандап алганбыз”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда. Мамлекет башчы бул маселенин оң жагына чечилбей жатышына түздөн-түз Жогорку Кеңеш күнөөлүү экенин айтты.

“Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда сунуштаган 50х50 пайыздык макулдашууну колдош керектигин айткам. Парламент колдоого алымыш болуп, бирок токтомго аткарылбай турган пункттарды кошуп коюшкан. Популизмди токтотуп, ишке өтүшүбүз керек. Таң каласың, убагында “Кумтөрдү” жайлагандардын бири бакылдап элге күйүмүш болуп, акыл үйрөтүп жатат. Минте берсек акыры кыйын болуп калышы мүмкүн. “Кумтөрдүн” тагдырын мен чече албайм, парламент чечет. Бирок баары бир чечим кабыл алышыбыз керек, чечим кабыл аларда ойлонушубуз зарыл. Артык кылам деп тыртык кылып албайлы”,- деди президент. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: