super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Уулум мага "камашса, кармап кетишсин, мен таптаза иштеп жатам" деди"

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-декабрда өтүп жаткан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында: "Автомаш" ишканасы Аскар Акаевдин убагында эле түзүлгөн. Талуу жери болсо керек деп таап алышып, 4 жылдан бери мени журналисттер тепкилеп жатышат. Уулдарым Сейит менен Сейтекти чакырып, айткам. Сейтек ишканадан кетип калды. Экинчи уулум Сейит мага минтип айтты: "Акаевдин учурунда да, Бакиевдин учурунда да иштеп жаттык. Азыр да таптаза иштеп жатам, эгерде мыйзамсыз иштерди жасап жатсам, анда мени кармап кетишсин. Камап салышсын". Уулум Сейит 38 жашта, намаз окуйт, орозо кармайт, дин жолунда жүрөт. Бирок өзүм ал контораны эртең жаап койсо да, колдойт элем",- деп жооп берди.
Президент "Уулдарыңыз далдалчы катары "Автомаш" ишканасы аркылуу электр энергиясын сатат деген кептин чын-төгүнүн айтып бересизби?" деген соболго жооп узатты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: