Алмазбек Атамбаев: "Нарын элине электр энергиясы боюнча жеңилдик берүүгө каршымын”

"Нарын облусуна электр энергиясы боюнча жеңилдик берүү туура эмес". Муну президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчы аймактардын баарына бирдей мамиле жасалышы керек деп эсептейт.
“Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда отурат, мамлекет тараптан жакшы эле колдоо болууда. Аймактарга бөлүп караганыбыз туура эмес, мисалы, Аксыда ар бирине 2 сотыхтан жер берилсе, Нарында 2 гектардан берилген. "Нарында жашоо кыйын, башка аймактарда баары жыргал" дегенди токтотушубуз керек. Кыйынчылыкты чогуу кечип өтүшүбүз зарыл. Нарында электр энергиясы боюнча митингдерди 40-50 ОБОН баштап жатат, эл аларды колдобойт”,- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

