super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр болуп дайындалды

 

Дамира Ниязалиева социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 26-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Эльвира Сариева аркалап келген. Э.Сариева жакында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган эле. 

Д.Ниязалиева:

1960-жылы 22-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1982-жылы Алматы мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган.

1983-1984-жылдары – Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу; 

1984-1986-жылдары – профсоюз комитетинин төрайымы; 

1988-1992-жылдары – Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу;

1996-2007-жылдары – "Аманат" фирмасынын директору;

2007-жылы IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: