"Эл өзгөрдү, алдыдагы шайлоолор таза өтүшү керек" деди мамлекет башчы
"2015-жылкы парламенттик шайлоо таза өтөт деп үмүттөнөм",- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-декабрда ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып. Мамлекет башчы "элине жараша башчы берилет" деген сөздү кайталады.
"Бийликке кимдин келери элдин тандоосунан көз каранды. Албетте, добушун акчага, аракка саткандар болот, бирок негизинен эл өзгөрдү. Таза шайлоо өтөрүнө ишенем, ошентсе да баары элдин тандоосу менен чечилет. Азыркы парламентти карасаң, арасында кылмыш жоопкерчилигинен качып депутат болгондор бар. Башкы прокурор Аида Салянова алардын көбүнө сабак бергендей болду",- деди мамлекет жетекчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

