super.kg logo
  Саясат  

"Темир Сариевдин банк уячаларынан алынган акчага тиешеси жоктугу аныкталды" деди Атамбаев

 
"Экономика министри Темир Сариевдин банк уячаларындагы акчага байланышкан окуяга катышы жоктугу аныкталды". Муну 27-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Айтымында, прокуратура бул ишти текшерип, ага Сариевдин катышы жок экенин аныктаган. Президент бул иш боюнча прокуратуранын маалыматына ишенерин, бул чуулуу ишке аталган министрдин катышы жоктугун билдирди журналисттерге. 
Эскерте кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин айрым банктардын уячаларынан Бакиевдерге тиешелүү делген ири көлөмдөгү акчалар алынып, бирок кийин каражаттын дайыны чыкпай калган. Бул ишке ошол учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган Темир Сариевге айыптоолор айтылганы белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: