Абдыжапар Бекматов, депутат: “Ош шаарында жаңы эки район түзүү зарылчылыгы келип чыгууда”

“Ош шаарында эки район түзүү зарылчылыгы келип чыгууда” деди бүгүн, 5-февралда депутат Абдыжапар Бекматов. Анын айтымында, азыркы кезде Ош шаарынын калкынын саны көбөйүп, анын аймагы да кеңейип жатат. Кең-Сай конушу Ош шаарынын карамагына өттү. Ошондой эле шаардын чыгыш тарабындагы жерлер шаардын аймагына карап калды. Буга байланыштуу Ош шаарында эки районду түзүү боюнча мыйзамдуу маселе жаралып жатат. Мындай чечим шаардагы маселелерди ыкчам түрдө чечүүгө өбөлгө түзмөк",- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

