Кытай лидеринин атайын өкүлү Кыргызстанга келди
Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечи расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-декабрда билдиргендей, Цзечи Бишкекке Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атайын өкүлү катары келди. Иш сапарынын алкагында кытай өкүлү Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилиги менен жолугушуп, анда стратегиялык жана коңшулук өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүү маселеси талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















