super.kg logo

Бишкектеги Спорт Сарайынын имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

 

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун имаратында ички оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Эдил Касенов SUPER.KG порталына бүгүн, 29-декабрда билдирди.

Анын айтымында, имарат инвесторлордун жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

“Менин бул кызматты аркалаганыма бир жарым ай болду. Алгач оңдоо иштери жылуулук берүү түтүктөрүнөн башталды. Буга чейин имараттын 20 пайызы гана жылуулук менен камсыз болсо, учурда 60 пайызга жетти. Фойе кыргыздын улуттук орнаменти болгон туш кийиздин сүрөтү менен кооздолуп, заманбап керме шып тартылууда. Белгилей кетсем, булардын баары инвестордун жардамы менен ишке ашып, кассадан бир тыйын да кеткен жок. Кытайдан, Араб Эмираттарынан тартылган 12 инвестордун ичинен алтоо каражат бөлүп бере баштады. 1974-жылдан бери жетекчилер оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттарды сол чөнтөккө салбай, туура багыттаса, эбак эле заңгыраган башка бир Спорт Сарайы салынып калмак",- дейт Эдил Касенов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: