2015-жылы кыргыз тилин автоматтык которуу системине киргизүү үчүн 1 миллиондой сөздү которуу керек



Англис тилинен кыргыз тилине 1 миллионго жакын сөз которулса, 2015-жылы "Гугл транслейт" автоматтык түрдө которуучу системине кошулуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
«Быйыл автоматтык түрдө которуу системи «Гугл транслейтке» казак жана өзбек тилдери кошулду. Анан бизде "Кыргыз тили качан бул тизмени толуктайт?" деген суроо туулган. Ушул айдын башында бул системге кошулуу үчүн "Кыргыз тилди интернетте өнүктүрүү" боюнча тендер өткөн. Ага биздин коомдук фонд катышып, аны утуп алды. Азыркы тапта келе жаткан жылы бул которуу системине кирүү боюнча бир катар иштер жүрүүдө. Мамлекеттик тил комиссиясы 20 миң доллар каражат бөлүп берди. Буюрса, 2015-жылы англис тилинен кыргыз тилине 1 миллиондой сөздү которсок, ал системге кирип калабыз деген үмүт пайда болду",- дейт Ч.Сааданбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:28
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
NurbekKG

29.12.2014. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жаңылык, сонун болмок. Ишиңиздерге ийгилик!
Umka220190

29.12.2014. 16:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, Чоро байке! Куттуктайм! Азаматсыз, ишиңиз өркүндөй берсин. Ийгилик!
ak-buura

30.12.2014. 03:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир телефон уюлдук тармагы бар билайн. Андагы автоматтык жооп беруулордо кыргыз тили колдонулбайт. Россияга чалганыны же Кыргызтандын ичинде чалдынбы кээде билбей каласын
ak-buura

30.12.2014. 03:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер Кыргызстан.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.