super.kg logo
  Саясат  

Эл аралык иштер боюнча комитет Кыргызстандын АКШдагы жана Азербайжандагы элчилик кызматына көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин жактырды

 

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызмат ордуна талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 29-декабрдагы жыйынында жактырды. Комитет чечимди жабык эшик артында өткөн отурумда кабыл алды. Президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын талапкерлигине АКШ макулдугун бергенин айткан.  

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиевдин ыйгарым укуктары аяктаганы маалымдалган болчу. 

Ошондой эле комитет Айжигит Бурановдун Кыргызстандын Азербайжандагы элчилик кызмат ордуна талапкерлигин жактырды. Жабык форматта өткөн жыйында кабыл алынган чечим тууралуу депутат Каныбек Иманалиев журналисттерге билдирди. Айта кетсек, Буранов учурда Кыргызстандын Азербайжандагы өкүлү болуп иштейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: