super.kg logo

Быйыл зыяратчылар Сауд Арабиядагы мейманкананын шарттарына нааразы болушуптур

 
Бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында Муфтияттын штабынын башчысы, муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев быйыл ажылык сапарга барган кыргызстандык зыяратчылар Сауд Арабияда өздөрү жашаган мейманкананын шарттарына нааразы болушканын билдирди.
"Ажылык сапар арзан болуш үчүн кыргызстандыктар акысыз мейманканада жашашкан. Акча төлөнбөгөндүгүнөн шарттар өтө начар болгон. Ал эми коңшу өлкөлөрдүн зыяратчылары ыңгайлуу шарттары бар мейманканаларда жашап турушкан. Бул жерде бардык керектүү эмерек, матрацтар болгон. Биздикилер болсо жерге жатышкан. Мындан тышкары эски 1970-80-жылдардагы тар автобустарда жүрүшкөн. Мындан улам бааны 1000 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатабыз",- деп түшүндүрдү Ракиев.
"Буга Сауд Арабия тарап эмес, кыргыз тараптын уюштуруучулары күнөөлүү. Анткени мурда бул тармак абдан коррупциялашкандыктан жана тажрыйба аз болгондуктан, ушундай кемчиликтер орун алды",- деди ал.
Андан тышкары зыяратчылар медициналык тейлөөгө нааразы болгондугун кошумчалап: "Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 3865 жаран барган. Алардын 8и гана медициналык кызматкер болуп, баарын тейлөөгө жетишкен эмес. Ошондуктан кийинки ажылыкка дарыгерлердин санын көбөйтөбүз",- деди Ракиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.12.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун Ажылыкка барышканда да ушундай щарттар болот беле же ушул жылы эле шарты начар болдубу?!
29.12.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси ажылык кабыл болсун да. Илгери ата-бабаларыбыз жоо-жалан эле барышкан
29.12.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун деле бекер жатакана болчу, шарттары орто эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: