super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт малга паспорт алуу үчүн Польшадан келе турган каражатты пайдаланбай жатканы үчүн депутаттардын сынына кабылды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 29-декабрда малды паспорттоштуруу тууралуу өкмөттүн маалыматын укту.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев малдын башын идентификациялоо иши чечилип жатканын айтты. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги БУУнун атайын программасы менен макулдашуу түзүлүп, идентификациялоо боюнча системди иштеп чыгуу иштери башталганын маалымдады. Алар грант түрүндө каражат бөлүүдө. Мындан сырткары Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун шартында жаңы жагдайлар пайда болуп отурат. Анын негизинде Орусия 200 миллион, Казакстан 100 миллион доллар кайтарымсыз каражат бөлүп берет. Казакстандын кайтарымсыз каражатынын 20 миллиону идентификацияга жумшалат. Ал эми идентификациялоо боюнча Польша Республикасы менен түзүлгөн макулдашууда бөлүнө турган 40 миллион доллардан баш тартпай, профилин өзгөртүп, лизинг аркылуу техника алууга сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Эми Казакстан каржылоо булагына көрсөткөн күндөн тартып идентификациялоого тендер жарыялап, тиешелүү иштер башталат.

Талкууда депутат Эсенгул Исаков Польша менен макулдашуу ратификациялангандан кийин аны бузуу туура эместигин белгилеп, келе турган каражатты өкмөт пайдаланбай жатканын сынга алды. Анын маалыматы боюнча, Казакстанда жүргүзүлгөн идентификациялоонун жыйынтыгы көйгөйлөрдү жараткан. Эми бул процедуралар кайра башынан жүргүзүү Бажы биримдигине кирүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Жыйынтыгында аталган маселеге 2015-жылдын февраль айында кайра кайрылып, маалымат угуу боюнча чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: