super.kg logo

Бишкектеги жол кырсыгынан улам 11 адам ооруканага кайрылды

 

Бишкек шаарында бүгүн, 29-декабрда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен коомдук унаанын 11 жүргүнчүсү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, аталган жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы эртең мененки саат 09:30 чамасында Киев-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү коомдук унаа менен Тойота Сурф үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Тойота Сурф үлгүсүндөгү унаа жол чырагынын кызыл жарыгы күйүп турганына карабастан, жолдон өтүүгө аракет кылып, коомдук унааны капталынан сүзгөн. Анын кесепетинен коомдук унаа капталынан түшүп, 11 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып Улуттук госпиталга жана №4-шаардык ооруканага кайрылышты. Учурда окуя болгон жерде коомдук унаанын талкаланган айнектери дале жатат. 

Бул факты боюнча чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: