super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Тумар" бий тобунун өкүлдөрүн кабыл алып, унаа берүүнү убада кылды

 

Кечээ, 29-декабрда президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан турган "Тумар" белгилүү бий тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы "Тумар" бий тобунун чыгармачылыгы кайраттуулуктун жана эрктүүлүктүн мыкты үлгүсү экендигин белгиледи. Курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Самыйбек кызы Адина, Таалайбек уулу Эрдика, Карабек уулу Талгат болуп, Тимур Сыдыков менен Эрмек Кадыров жетектеген жамаат бир топ жылдан бери эл аралык сынактарда жана мелдештерде ийгиликтүү өнөр тартуулап келет. “Силер менин жана бардык кыргызстандыктардын демине дем кошосуздар. Кыйынчылыктарга моюн сунбай, турмуш сыноолоруна туруштук берген кайратыңар менен сыймыктанам. Алдыга бийик максат коюп, чымырканып, талыкпай эмгектенсе, жогорку бийиктиктерди багындырууга болорун силер өз жетишкендигиңер менен далилдей алдыңар. Биз бардыгыбыз силердин ушул сапатыңарды үйрөнүшүбүз керек”,- деди Алмазбек Атамбаев бий коллективинин өкүлдөрүнө.  

Мамлекет башчысы "Тумар" бий тобунун катышуучуларына алардын ишмердигин колдоого алууга багытталган транспорттук каражат сатып алууга сертификат тапшырып, мындан ары дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: