Олег Горин саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
Олег Горин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 29-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Олег Горин буга чейин аталган мекемеде министрдин орун басары болуп иштеп келген Кубанычбек Чойбековдун милдеттерин аткарып, көзөмөлдөйт. К.Чойбеков 2014-жылдын март айында "медициналык лицензияларды мыйзамсыз берген" деп шектелип тергөө абагына алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

