Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов соттон акталды

Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул тууралуу 29-декабрда депутат өзү социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту (судья Б.А.Осмонов) депутатты Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Атазов соттун мындай чечимине жана ага тагылган айыптарга каршы экенин билдирип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

