super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда баңги каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алган мыйзамдын максаты - баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө тармагындагы Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Мыйзам Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: