Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелген Чүй районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Арча-Бешик жаңы конушунун 24 жаштагы Н.Аскат аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Тынчтык жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине токтоткон Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Чүй районунун 35 жаштагы Ж.Руслан аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.