Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу фактыларын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева атайын комиссия түзүп, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга мыйзамсыз кабыл алуу фактыларын иликтөө тапшырмасын берди. Маалыматка таянсак, комиссиянын курамына министрликтин өкүлдөрүнөн тышкары министрликтердин коомдук кеңештеринин жана коомчулуктун өкүлдөрү кирди. Мыйзамсыз фактыларды иликтөө демилгеси Башкы прокуратуранын токтомунун жоболоруна ылайык жана айрым жогорку окуу жайлардагы мыйзам бузууларга байланыштуу демилгеленгени айтылды. Комиссия 2015-жылдын 15-февралына чейин фактыларды дыкат иликтеп чыгып, сунуштама берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

