super.kg logo
  Саясат  

Болот Миңжылкыевдин мемориалдык айкели Санкт-Петербург шаарына орнотулат

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-декабрдагы жыйынында СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкыевдин мемориалдык айкелин орнотуу жөнүндө маселе каралып, жактырылды. Маселенин демилгечиси - депутаты Каныбек Иманалиев.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиевдин айтымында, дүйнөлүк опера искусствосуна жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон Болот Миңжылкыевдин эстелиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариинск театрына орнотулмакчы. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө аталган театрда солист болуп иштеген.

Комитет мүчөлөрү демилгени Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Айта кетсек, 2015-жылы Болот Миңжылкыевдин туулганына 75 жыл болот. Ага "СССРдин Эл артисти" жана "Кыргыз ССРинин Эл артисти" деген наамдар ыйгарылган. Бир нече орден-медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: