Кыргызстанда 2014-жылдын 11 айында 508 чакырым жол оңдолду
Кыргызстанда 2014-жылдын 11 айында 508 чакырым унаа жолу оңдолду. Муну 30-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Асфальт төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 155 чакырым. Калганы шагыл төшөлгөн, чуңкурлары жамалган жолдор жана башкалар. Жыл башынан бери 4 көпүрөнүн курулушу аяктаганы айтылды, алар жайгашкан жерлер: Кочкор - Ормон хан жолунун 13-чакырымы, Дыйкан - Кара-Кече жолунун 24-чакырымы, Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолунун 138 чакырымы жана Барскоон - Ак-Шыйрак жолунун 76-чакырымы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















