Борбордо алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен борбордун Т.Аскат аттуу жараны кайрылган. Анда 2012-жылы Роза аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деген шылтоо менен алып, изин суутуп кеткенин айткан. Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 46 жаштагы К.Роза аттуу аял кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.