super.kg logo
  Саясат  

Дене тарбия жана спорт агенттигинин шалаакылыгынан улам президенттин колунан сыйлык албаган спортчу, машыктыруучуларга каражат бөлүндү

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайыкспорттун ар кандай түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга жана машыктыруучуларга даректүү колдоо көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 900 000 (тогуз жүз миңсом бөлүндү.

Колдоо алгандардын арасында байге уткан 5 спортчу жана 2 машыктыруучу бар. Алар президенттен тиешелүү акчалай сыйлыктарын мамлекет башчысы тарабынан сыйлануучулардын тизмесин түзгөн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин шалаакылык кылып, тизмени толук түзбөгөнүнөн улам албай калышкан.

Ошондой эле мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2014-жылдын 9-21-сентябрында Антверпен шаарында (Бельгия) өткөн Атайын Олимпиаданын V Евразиялык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бир жолку акчалай сыйлыктар бөлүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: