Кара-Суу районунда мал уурдоого шектелген топтун мүчөлөрү кармалышты

Кара-Суу районунда мал уурдоого шектелген топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда КРнын ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү Кара-Суу районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын сарайынан 4 коюн уурдап кеткенин айткан.
Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 3 адамдан турган топту кармашты. Учурда бул топтун башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. Кармалгандарга карата "мал уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.