super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчынын орун басары кызматына депутат Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлиги жактырылды

 

Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети акыйкатчынын орун басары кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин 30-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.  

Өткөн аптадагы жыйында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өзүнүн орун басар кызматына Чолпон Осмонова менен Гүлгакы Мамасалиеванын талапкерлигин сунуштаганда депутаттар тандоодон баш тартышкан болчу. Аманбаев бул кызмат бош тургандыктан, сынактык негизде 6 талапкерден сунуш түшүп, анын ичинен экөө тандалып алынганын айткан. Анын үчөө эркек киши болгондуктан, алар бул укуктан ажыратылышкан эле.

Бүгүнкү жыйында Аманбаев депутат Жамгырчиеванын талапкерлигин алып чыгып, комитет бир добуштан жактырып беришти. Акыйкатчы депутаттардан талапкерди 2015-жылга калтырбай парламенттин жалпы кароосунан карап берүүнү суранды.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: