super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу Малайзиянын падышасына көңүл айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу Малайзиянын падышасы Абдул Халим Муадзам Шахка көңүл айтты. Бул тууралуу 30-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Малайзиялык компаниянын учагынын кырсыкка кабылганы боюнча кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ондогон адамдын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу каза болгондордун жакындарына көңүл айтам" деп айтылат маалыматта.

28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылган. Бүгүн Тынч океандагы Яван деңизинен 40тан ашуун адамдын сөөгү табылганы маалым болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: