super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 6-февралда ЖКда жаңы депутат ант берет жана жазгы талаа иштерине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу маалымат угулат

 
Бүгүн, 6-февралда ЖКнын жыйынында экс-депутат Токон Мамытовдун ордуна депутат болуп бекитилген Нуркамил Мадалиев ант берет. Айта кетсек, 18-январда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ЖКнын депутаты Токон Мамытов КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ошондой эле бүгүнкү жыйында жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат. Мындан сырткары "КРнын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "КРнын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору сыяктуу бир катар орчундуу маселелер талкууланмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: