super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин 2014-жылдагы акыркы жыйынында депутаттар орой кайым айтышышты

 

Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эсенгул Исаков менен Сайдулла Нышановдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында депутат Карганбек Самаковду парламенттин Фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгынан бошотуу маселеси каралып жаткан. Самаков “бул кызматка жабышып жаткан жокмун, "Ата Мекен" фракциясы менчиктеп алган орун эмес” деди. Андан кийин Э.Исаков залда отурган С.Нышановго карап “сен эмнени билесиң, отура берчи” деп айтты. Экөөнүн ортосуна депутат Уланбек Нуркулов да аралашып, Исаковго ачуулуу сөздөрдү айтты.

Депутаттар ортого түшүп арачалап калышты. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн 2014-жылдагы акыркы жыйынын өткөрдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: