super.kg logo
  Саясат  

Президент 2015-жылдын республикалык бюджетин бекитти

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам 2014-жылдын 10-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

"2015-2017-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгууда төмөндөгүлөр негиз болду: 2012-2014-жылдардагы өнүгүү тенденцияларын талдоо, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо, туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердик программасын ишке ашыруу боюнча 2014-жылга иш-чаралардын планы",- деп айтылат маалыматта.

2015-жылы МИП гранттарды эске алганда республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 103 752,7 миллион сом же ИДПга карата 23,4 пайызды түзөт. 2016-2017-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 110 094,1 миллион сом жана 121 691,2 миллион сомду түзөт. 2015-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 118 436,0 миллион сом (ИДПга карата 26,7% ) деңгээлинде белгиленген. 2016-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 123 906,9 миллион сом (ИДПга карата 24,5%), 2017-жылы - 134 937,2 миллион сом (ИДПга карата 23,3%). Республикалык бюджеттин 2015-жылдагы дефицити 14 683,3 миллион сомду, ИДПга карата 3,3 пайызды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: