Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо боюнча макулдашуу ратификацияланды
Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 24-июнунда Сауд Арабиясы Падышалыгынын Жидда шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.
Документке ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

