Өкмөт колдоого муктаж бир катар жарандарга акчалай жардам көрсөттү
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон жарлыкка ылайык, колдоого муктаж бир катар жарандарга өкмөттүн резервдик фондунан 50 миң сомдон акчалай жардам берилди. Алар: Улукбек Шүкүров, 2-топтогу майып. Бишкек шаарында ижарага алган батирде турат жана дайыма дарылануудан өтүп турууга муктаж. Тынчтыкбек уулу Бактияр, 9 жашта, тери рагынан жабыркайт. Ага бир нече жолу операция жасалган. 2011-жылдын 12-ноябрында аны автоунаа сүзүп кетип, Москвадан дарылануудан өтүп келген. Химиотерапиядан кийин көрүүсүн жоготкон. Улан Дыйканбаев, 1982-жылы туулган, журналист. 2014-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарынан автоунаа сүзүп кеткен. Кырсыктан көптөгөн жаракаттарды алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

