Жаңы жыл түнү өлкөдө 38 өрт кырсыгы катталып, Өзгөндө өрттөн жабыркаган жаран ооруканага жеткирилди

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча өткөн суткада республиканын аймагында 38 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 1-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгуу себептери балдардын шоктугунан, электр жабдууларын туура эмес пайдалануу, мештердин морлорун туура эмес орнотуудан болгон.
Белгилүү болгондой, Каракол шаарында Т.Абдыкадыровго таандык үйдүн темир жабылган, 2 кабаттуу, 84 чарчы метр сарайы толугу менен күйүп, 200 түк
чөп өрттөнүп кеткен.
Өзгөн шаарында мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам үйдүн 40 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрт болгон жерде үй ээси, 1952-жылы туулган Н.Хусеинов 2 колунан күйүк алып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.
Сузак районундагы Жар-Кыштак
айылында жыгач
устундуу, шифер жабылган, аянты 100 чарчы метр, эки кабаттуу сарайдын чатыры, 800
боо жүгөрү бакалы күйгөн. Ага үй ээсинин баласынын петарда жардырганы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.