Кыйраган малайзиялык учактын 16 жүргүнчүсүнүн сөөгү табылды

Алгач дайынсыз деп издөөгө алынган малайзиялык учактын 16 жүргүнчүсүнүн сөөгү табылды. Airbus A320-200 учагынын калдыктары Индонезияга алынып келинүүдө. Жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жерде издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу 2-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылган. Малайзиялык "AirAsia" компаниясына тиешелүү Airbus A320-200 учагы Сингапурга конорго бир саат калганда байланыш үзүлгөн.
Буга чейин 40 адамдын сөөгү Тынч океандагы Яван деңизинен табылганы айтылган. Бирок издөө иштерин жүргүзүп жаткан Индонезиянын Деңиз-аскердик күчтөрү бул маалыматты четке каккан. Учакты издөөгө Австралия, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея жана АКШ мамлекеттери катышып жатат.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган.
Ал эми 2014-жылдын 8-мартында Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
arisim

02.01.2015. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым Аллахым озу сактасын.
kama_future_millioner

02.01.2015. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунтип олтуруп акыры бир күн бети ачылаткоо бул кырсыктын
Aksy-13

02.01.2015. 23:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа! Самолетко чыккандан да коркосун инсан. Дайынсыз жоголгондор бутундой баарысы бир жака бекитилген болушуда мумкун кул сыяктуу болуп бирок андайдын бетин нары кылсын Аллахым.
dominic_toretto

03.01.2015. 04:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мүмкүн тиги табылбай жаткан учак кандайдыр бир касиеттү себептер менен "параллеллный мир"ге өтүп кеткендир.Болбосо алда качан табылышы керек эле.
Missulya

03.01.2015. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум ошондо бул эки самалеттен болок дагы бир самалет жоголдубу эле
Boldukan86

04.01.2015. 01:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба дагы башкасыго сыягы
demo009

05.01.2015. 01:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоголгон учактар Малайзияга караштуу экен,кызык кийин барып барып эч ким тушпой койот го,малайзиянын учагына.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.