Ырчы Гүлзат Батырканова каза болду
2013-жылдын октябрь айында ырчы "Супер-Инфо" гезитине маек берип,артисттердин арасында өткөн балалыгы, ырчылыкка болгон кызыгуусу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген.


2013-жылдын октябрь айында ырчы "Супер-Инфо" гезитине маек берип,артисттердин арасында өткөн балалыгы, ырчылыкка болгон кызыгуусу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген.

Белгилүү ырчы Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан каза болду. Ырчы 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып жол кырсыгына кабылган.
Автор: Автандил Добулбеков
Маалыматка караганда, Гүлзат Батырканова жолдошу менен бара жаткан унааны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзгөн. Кырсыктан ырчынын күйөөсүнүн моюну сынып ооруканада жатканын маркумдун тууганы Арстанбек Абдыманов билдирди. Гүлзат Батырканованын сөөгү эртең Кызыл-Дыйкан айылына коюлат.
Г.Батырканова - КРнын Эл артисти Шахра Талипованын кызы. 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" өңдүү бир катар ырлардын аткаруучусу.
Акыркы мезгилде телеканалдардын бириндеги “Сармерден” шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жүргөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу ырчысы Гүлзат Батырканованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
(Интервью 2013-жылдын октябрь айында алынган) "Апамды Бишкекке алып келе албай убарабыз" дейт Гүлзат Батырканова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

14:49
2025-06-13

Рейтинг:
-2

Менин апамын сүйүктүү ырчыларынын бири болчу..