super.kg logo
  Саясат  

Энергетика жана өнөр жай министри өлкөнүн түштүгүнө газ берилип баштаганы боюнча Алмазбек Атамбаевге маалымат берди

 

Бүгүн, 3-январда президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек  Турдубаевди кабыл алды. Министр мамлекет башчыга Өзбекстандан жаратылыш газын кайрадан берүү башталгандан бери өлкөнүн түштүк аймагында "Газпром Кыргызстандын" абоненттерин этап-этабы менен газга туташтыруу ишинин аяктагандыгы тууралуу маалымдады.

Кубанычбек Турдубаев президентке жаңы жылдык майрамдарда өлкөнүн энергетика системинин иши жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда энергетиктердин 2015-жылдагы пландары жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аталган энергетикалык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: