super.kg logo

Бишкекте дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттердин мыкты эмгектери көргөзмөгө коюлат

 

9-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “World Press Photo-2014” аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Уюштуруучулар билдиришкендей, көргөзмөгө фотожурналисттер үчүн уюштурулган "World Press Photo" аттуу сынакта жеңип чыккан 140 эмгек коюлат.

"World Press Photo" – фотожурналисттердин тажрыйбалуулугун аныктаган абройлуу эл аралык кароо-сынак. Ар жылы дасыккан фотограф жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы фоторедакторлордон түзүлгөн көз карандысыз калыстар тобу гезиттерден, журналдардан, агенттиктерден келип түшкөн фотолорду 9 категория боюнча баалайт.  

Эки жума аралыгында калыстар тобу 124 мамлекеттен жөнөтүлгөн 5666 автордун 103 миң фотосүрөтүн караган. 2014-жылдын февраль айында Амстердамда аталган сынактын финалы өткөрүлгөн.

Урунттуу окуяларды чагылдырган жеңүүчүлөрдүн эмгектери коюлган фотокөргөзмө 2 ай бою аталган шаарда орун алат. Андан соң дүйнө жүзүнө саякаттайт. Ага орточо эсеп менен 2 миллион адам келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: