super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда турак үй толугу менен күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 5-январдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында темир жабылган аянты 130 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 36 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 эшик, 2 терезе, 3 тонна чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.01.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сузак дейби кудай сакта
05.01.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuktuujar, Жерге-Тал менин айылым.Кошуна кочодо болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: