Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун 1-фазасынын курулушуна 2014-жылы 47 миллион доллар жумшалды

Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушуна 2014-жылы 47 миллион 027 миң доллар бөлүндү. Маалыматты Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Жолдун курулушуна (1-фаза үчүн) жалпы 400 миллион доллар жумшалат. Учурда курулушта 180 техника жана 470 жумушчу иштеп жатканы айтылды.
"Келишимге ылайык, 2015-жылы жолдун курулушунун негизги иштери бүтөт. Эки катмарлуу асфальт төшөө иштери башталат. Долбоорду ишке ашыруу 56 айга пландалган, курулуш иштери 2018-жылы аяктайт",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

