Улуттук статистика комитети студенттерди тажрыйбадан өткөрүүгө кызыкдар

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети менен Бишкектеги "Ататүрк Ала-Тоо" эл аралык университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү. Мекеменин маалыматына таянсак, документке Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев менен окуу жайдын ректору Осман Гокальп кол коюшту. Келишим менен аталган университеттин студенттерин Улуттук статистика комитетине окуу-таанышуу максатында, өндүрүштүк жана диплом алуу алдындагы тажрыйбадан өтүүгө (практика) кабыл алуу тартиби аныкталары айтылды. Максат - студенттердин алган теориялык билимин аталган мекемеде тажрыйбадан өтүүдө бекемдөө.
Келишим 3 жылга түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

