super.kg logo

Малайзия. 7 күндөн бери дайыны чыкпай жаткан учактан каза болгон 30дан ашуун адамдын сөөгү табылды

 

Малайзиянын дайынсыз болуп, издөөдөгө алынган Airbus учагынын 34 жүргүнчүсүнүн сөөгү жана учактын калдыктары Индонезиянын Яван деңизинен табылды. Чет элдик маалымат каражаттарынын 5-январда берген маалыматына караганда, кырсыктан каза болгондордун өздүгү такталып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 24 миң доллардан компенсация төлөнүп берилмекчи болду. Издөө иштери уланууда.  

Айта кетсек, 28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылса, анын жетөөсү экипаж мүчөлөрү болгон. Малайзиялык "AirAsia" компаниясына тиешелүү Airbus A320-200 учагы Сингапурга конорго бир саат калганда байланыш үзүлгөн. Индонезия бийлиги аталган учакка кырсык болгон күнү каттамга чыгууга уруксат берилгенин айтууда. 

Учакты издөөгө Австралия, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея жана АКШ мамлекеттери катышып жатат.

Эске салсак, ушуну менен Малазиянын үчүнчү учагы кырсыкка кабылды. 2014-жылдын 8-мартында Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, жыйынтык чыкпай келет.

Ал эми экинчиси ушул эле жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунда Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.01.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштарга кыйын болду ..
06.01.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учака чыккандан деле коркуп калдыкко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: