super.kg logo

Караколдо "71 жаштагы мергенчини өлтүргөн" деген шек менен эки жаран кармалды

 

Каракол шаарында "71 жаштагы мергенчини өлтүргөн" деген шек менен Боз-Булуң айылынын 24 жана 19 жаштагы эки тургуну кармалды. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Каракол шаарындагы өз үйүнөн чет элдик туристтер үчүн мергенчилик уюштуруу менен алектенген 71 жаштагы Акжолтой Асановдун жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал үбөлүк менен башка чабылып, 28-декабрь түнү өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр маркумдун үйүнө тоноо максатында кирип, акчасын жана видеокамера менен уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жалпысынан маркумдун үйүнөн 30 миң долларга жакын акча каражаты каракталган.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган акчага BMW үлгүсүндөгү унаа сатып алууга үлгүрүшкөн. Кармалгандардан 4600 доллар акча жана башка уурдалган буюмдар алынган. Азыркы тапта кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алышып, Каракол шаардык убактылуу кармоо жайына камакка алынышты. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.01.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки бутту айбандар!
06.01.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун , билип билбей кеткен куноолорун кечирип бейиштен орун бере кор ээ жараткан, жакшы киши эле боорукер, адамгерчиликтуу угуп алып жаман болдум жанагы экоону олтурбой кулактарын кескилеп ойногум келтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: